Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XII сессиясы
2026-жылдын 9-апрели № 71
Ак-Татыр айыл аймагында Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексинин 24-главасы “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым” белгиленип 73-74-75-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,36-беренелерин жетекчиликке алып, Финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу төмөнкү тарифтер бекитилсин: а) калк үчүн:- жеке турак үйлөрдө жашагандар – 1 айга бир адамдан 20 сом өлчөмүндө. б) мекемелер, уюмдар жана ишканалар үчүн – бир чарчы метр аянтына жана жумушчулардын санын эсепке алган ставканын - 20 сом өлчөмүндө. в) коммерциялык объекттер үчүн – бир чарчы метр аянтына 1 сом өлчөмүндө.
2.Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-январында №24 “Салык эмес кирешелер жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага: |
Т.Исманов |