Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 03-февралы №11-7
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данияр Шейшекановдун 2026-жылдын 29-январындагы чыгыш №01-25/435 сандуу катын кароо жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана жагымдуу шарттарды түзүү максатында райондогу мамлекеттик мекеме-ишканалардын имараттарын бири-бирине жакын жайгаштырууну пландап жатат, ошол максатта ыңгайлуу жер участогун бөлүп берүү маселеси менен айылдык кеңешке кайрылды. Бул маселе менен Гулистан айылдык кенешинин депутаттары таанышып чыгып, талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39 беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мызамынын 19-беренесине ылайык жана айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, токтом кылат:
1. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данияр Шейшекановдун 2026-жылдын 29-январындагы чыгыш №01-25/435 сандуу каты менен таанышылгандыгы белгиленсин.
2. Калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана жагымдуу шарттарды түзүү максатында райондогу мамлекеттик мекеме-ишканалардын имараттарын бири-бирине жакын жайгаштырууну үчүн, Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде болгон борбордук стадионунун ордуна мамлекеттик мекеме ишканалардын жаңы имараттарын куруу боюнча Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данияр Шейшеканов тарабынан берилген сунушуна макулдук берилсин.
3. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага
| У.Мирзакулов |