Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-апрели №82
Б.Айтматов атындагы орто мектебинин айланасын тосуу үчүн өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын шаардын аймагындагы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Б.Айтматов атындагы орто мектебинин айланасын тосуу боюнча сунушун угуп, талкуулап, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Б.Айтматов атындагы орто мектебинин айланасын тосууга (фундаменттүү тосмосу) жалпы суммасы 2 031 403 (эки миллион отуз бир миң төрт жүз үч) сомду түзгөн сметалык долбоордун 20 пайызы өздүк салым болгондуктан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 406 280 (төрт жүз алты миң эки жүз сексен) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Дастиров |