Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-апрели №83
Б.Айтматов атындагы орто мектебинин чатырын капиталдык оңдоого өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын шаардын аймагындагы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында Б.Айтматов атындагы орто мектебинин эскирген чатырын капиталдык оңдоо боюнча сунушун угуп, талкуулап, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Б.Айтматов атындагы орто мектебинин эскирген чатырын капиталдык оңдоо үчүн жалпы суммасы 3 348 178 (үч миллион үч жүз кырк сегиз миң бир жүз жетимиш сегиз) сомду түзгөн сметалык долбоордун 20 пайызы өздүк салым болгондуктанжергиликтүү бюджеттин эсебинен 669 636 (алты жүз алтымыш тогуз миң алты жүз отуз алты) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Дастиров |