Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-апрели №84
Кадамжай райондук жалпы билим берүүчү мектебине үстү жабык мини-футбол аянтчасын курууга өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын шаардын аймагындагы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын дене тарбиясын өнүктүрүү жана заманбап шарттарды түзүү максатында Кадамжай райондук жалпы билим берүүчү мектебине үстү жабык мини-футбол аянтчасын куруу боюнча сунушун угуп, талкуулап, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Кадамжай райондук жалпы билим берүүчү мектебине үстү жабык мини-футбол аянтчасын куруу үчүн жалпы суммасы 3 302 037 (үч миллион үч жүз эки миң отуз жети) сомду түзгөн сметалык долбоордун 20 пайызы өздүк салым болгондуктан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 660 407 (алты жүз алтымыш миң төрт жүз жети) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Дастиров |