Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-апрели №85
А.Масалиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин аймагын көрктөндүрүү жана окуучулар үчүн жагымдуу шарт түзүүгө өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын А.Масалиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин аймагын көрктөндүрүү жана окуучулар үчүн жагымдуу шарт түзүү боюнча сунушун угуп, талкуулап, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шаардык кеңеш токтом кылат:
1. А.Масалиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин аймагын көрктөндүрүү жана окуучулар үчүн жагымдуу шарт түзүү үчүн жалпы суммасы 2 065 970 (эки миллион алтымыш беш миң тогуз жүз жетимиш) сомду түзгөн сметалык долбоордун (долбоордо дарактарды кырктоо, пнилерди казып алуу, эски тротуарларды жана бетон төшөлмөлөрдү демонтаждоо, грунтту бекемдөө, жаңы брусчатка жана бетон төшөлмөлөрдү куруу иштери) 20 пайызы өздүк салым болгондуктан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 413 194 (төрт жүз он үч миң бир жүз токсон төрт) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Дастиров |