Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 9-октябры № 52/ХI-29
Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Ысык-Ата райондук мамлекеттик админисрациясынын 2025-жылдын 06-октябрындагы №8435 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүүгө тиешелүү болгон чечимдерди кабыл алуу жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 жарлыгына ылайык Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 6 адамдан бекитилсин (Тиркеме1);
2. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүк ченемине ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны 50 адам болуп бекитилсин (Тиркеме 2);
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүмдөргө бөлүү ченемдери (айылдарга, көчөлөргө, чарбаларга, үй чарбаларына ж.б.) 8 айылга 5 адамдан жана 1 айылга (Таш-Башат) 10 адам бекитилсин (Тиркеме3);
4. Жарандардын жыйналыштарын жана жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана жергиликтүү коомдошдуктун жыйындарына катышуучулардын саны бекитилсин (Тиркеме 4);
5. Бул токтом Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн веб сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
Төрага |
| Н.Ибраимов |