Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-апрели №13-1
Гулистан айыл өкмөтүнүн “Гулистан-таза аймак” муниципалдык ишканасына лизингге атайын техникаларды алуу жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн “Гулистан-таза аймак” муниципалдык ишканасына Ош облустук Өнүктүрүү фонду тарабынан 30 пайызы каржыланып, калган төлөмдү айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен белгиленген мөөнөттө бөлүп төлөө менен, лизингге атайын техникаларды алууга макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Ш.Саттаровдун 2026-жылдын 22-апрелиндеги чыгыш № 01-2/564-сандуу сураныч катын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” 78-беренсинин негизинде, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн “Гулистан-таза аймак” муниципалдык ишканасына Ош облустук Өнүктүрүү фонду тарабынан 30 пайызы каржыланып, калган төлөмдү айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен белгиленген мөөнөттө бөлүп төлөө менен, лизингге атайын техникаларды алууга макулдук берилсин.
2. Лизинггге атайын техникаларды алууга тиешелүү кагаздарын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык даярдоо, келишимдерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Саттаровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эргешовага жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |