Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-апрели №88
Кадамжай шаардык кеңешинин 2025-жылдын 29-августундагы 54 номериндеги “Кадамжай шаарынын аймагында салык эмес төлөмдөрдүн тарифтерин бекитүү жөнүңдө" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кадамжай шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кадамжай шаардык кеңешинин 2025-жылдын 29-августундагы № 54 “Кадамжай шаарынын аймагында салык эмес төлөмдөрдүн (түтүн пулу) тарифтерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилсин:
Кадамжай шаардык кеңешинин 2025-жылдын 29-августундагы № 54 токтомуна 2-пункт киргизилип, төмөндөгүдөй болуп окулсун:
“2. Кадамжай шаарынын аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин, 2026-жылдын 1-июлунан кийин жаңы катталган субъектер үчүн Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүнүн реестрине киргизилген айдан кийинки айдын 20нан кечиктирбестен, ал эми 2027-жылдын 1-апрелине чейин жыйымды төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөтү деп белгиленсин.
2.Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет. 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Дастиров |