Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-апрели №13-2
Гулистан айыл аймагынан алынган 50 пайыз Айыл чарба министрлигине өткөрүлгөн мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүдө ижара акысынын өлчөмүн аныктоочу коэффициенттерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 401-беренесине, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомун аткаруу максатында айыл өкмөтүнүн башчысынын 2026-жылдын 22 апрелиндеги чыгыш № 01-2/567 сандуу сунуш катына, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине таянып, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) жерлерин ижарага берүүдө ижара акысынын баштапкы өлчөмүн аныктоочу коэффициенттер Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 401-беренесиндеги базалык салыктын наркы (БСН)де көрсөтүлгөн өлчөм боюнча төмөнкүдөй бекитилсин:
· Сугат айдоо жерлери үчүн-10;
· Кайрак айдоо жерлери үчүн -30;
· Көп жылдык бак-дарактар (бактар) үчүн-30.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысына макулдук берилген коэффициенттердин негизинде ижара акыларын эсептөө жана аукциондорду уюштуруу иштерин мыйзамга ылайык жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |