Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-апрели №89
“Металлург-Кадамжай” футбол командасына Кыргыз Республикасынын улуттук лигасынын оюндарына катышууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын 2026-жылдын 10-апрелинедги 01-05-783 номери менен чыгышталган “Металлург-Кадамжай” футбол командасына Кыргыз Республикасынын улуттук лигасынын оюндарына катышууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө кайрылуусун угуп, талкуулап, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шаардык кеңеш токтом кылат:
1. “Металлург-Кадамжай” футбол командасына Кыргыз Республикасынын улуттук лигасынын оюндарына катышууга жергиликтүү бюджеттен 165 000 (бир жүз алтымыш беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
3. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Дастиров |