Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 30-октябры № 53/ХII-29
Жол кире төлөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, №200 маршруттук каттамдын бригадири Э.Жаманкуловдун кайрылуусун Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, кезексиз сессиянын күн тартибинде каралып чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
№200 каттамдагы жүргүнчүлөрдүн жол кире акысы бекитилсин:
Каттамдын аталышы
| Жол кире акысы (1 кишиге/сом) | |
Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсү менен М.Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши (айланма). |
Үч-Эмчек айылы |
50 (элү) сом |
|
|
|
1. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Алымкулова Айзат Эгембердиевнага жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |