Редакцияот 04.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КАРА-БҮРГӨН АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

VII чакырылыштагы депутаттардын  Кара-Бүргөн  айылдык кеңешинин кезексиз

 6-сессиясынын

 

 

2023-жылдын 4-ноябры № 6/1

Элдик курултайга делегат шайлоо боюнча уюштуруу иштери жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы   “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №215 Жарлыгын жетекчиликке алып, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ кылат:

 

 

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №215 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
  2. Кара-Бүргөн  айыл аймагынын калкынын саны 3452 адам болгондуктан өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн  жалпы саны  40  деп бекитилсин.
  3. Өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөр Ак-Чий, Жаңы-Тилек жана Кара-Бүргөн  айылдарындагы калктын санына жараша  шайлансын.  (№1 тиркеме тиркелет)
  4. Кара-Бүргөн   айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынга  катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2023-жылдын  16-октябрынан 21-октябрына чейин деп белгиленсин. (№2 тиркеме тиркелет).
  5. Кара-Бүргөн айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын  тизмеси бекитилсин. (№3 тиркеме тиркелет)
  6. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана  өткөрүү боюнча  жумушчу топтун курамы бекитилсин. (№4 тиркеме тиркелет)
  7. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү  2023-жылдын 18 -ноябры деп белгиленсин (№5 тиркеме тиркелет)
  8. Бул токтом мыйзам талаптарына ылайык массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.

   Төрага

Б. Кемелов