Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
7-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 03-июлу №7-4
Төөлөс айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобо менен таанышып жана талкуулап Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин.
2. Бул токтомду Юстиция Министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын, ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, мандат, укук, этика жана дин иштери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
А. Каразаков |