Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 30-октябры № 54/ХII-29
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражатын жылдырууга, Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги №32/VIII-29 жана 05-февралындагы №21/IV-29 токтомдоруна өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29-октябрындагы №03-13/2406 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги акча каражатын жылдырууга макулдук берүү жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн “Аппарат” бөлүмүнүн 2222 беренесинен 44800 (кырк төрт миң сегиз жүз) сом, 2224 беренесинен 26700 (жыйырма алты миң жети жүз) сом жалпысынан 71500 (жетимиш бир миң беш жүз) сом, “Китепкана” бөлүмүнүн 2221 беренесинен 30000 (отуз миң) сом, “Клуб” бөлүмүнүн 2215 беренесинен 150000 (жүз элү миң) сом, 2221 беренесинен 20000 (жыйырма миң) сом, 2222 беренесинен 30000 (отуз миң) сом жалпысынан 200000 (эки жүз миң) сом, ЖКХ бөлүмүнүн 2215 беренесинен 285000 (эки жүз сексен беш миң) сом жана 3111 беренесинен 400000 (төрт жүз миң) сом жалпысынан 685000 (алты жүз сексен беш миң) сом, “Бала бакча” бөлүмүнүн 2224 беренесинен 50000 (элү миң) сом, “Билим берүү” бөлүмүнүн 2222 беренесинен 154500 (жүз элү төрт миң беш жүз) сом жалпысынан бөлүмдөр боюнча 1191000 (бир миллион бир жүз токсон бир миң) сом акча каражатын төмөнкү маселелерге жылдырууга макулдук берилсин:
- Генератор сатып алууга 70000 (жетимиш миң) сом , микротолкундуу меш жана муздаткыч сатып алууга 21 000 (жыйырма бир миң) сом , жалпысынан 91000 (токсон бир миң) сом акча каражаты “Аппарат” бөлүмүнүн 3112 беренесине жылдырылсын;
- Клуб бөлүмүнүн 3112 беренесине 50000 (элү миң) сом акча каражаты “Музыкалык аппаратурасын сатып алууга” жылдырылсын;
- О.Бөлөбалаев атындагы орто мектебинин үчүнчү кабатындагы , 3 класска жана коридорго жылытуу батареяларын сатып алууга 80000 (сексен миң) сом акча каражаты “Билим берүү” бөлүмүнүн 3112 беренесине жылдырылсын;
- Карагай-Булак айылында жайгашкан ФАП имаратына суу жылытуучу аристон сатып алууга 15000 (он беш миң) сом акча каражаты “ЖКХ” бөлүмүнүн 3112 беренесине жылдырылсын;
- Карагай-Булак айылына балдар аянтчасын орнотууга каралган 400000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты “ЖКХ бөлүмүнүн” 3111 беренесине Карагай-Булак айылына жарыктандыруу орнотууга жылдырылсын;
- “Китепкана” бөлүмүнүн 2222 беренесине 30000 (отуз миң) сом акча каражаты кеңсе жана чарба буюмдарын сатып алууга жылдырылсын;
- Беш мектепке ИИМ менен байланышкан видео-байкоо орнотууга “Билим берүү” бөлүмүнүн 3112 беренесине 525000 (беш жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын каржы жана бюджет, финансылык иштер боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |