Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 10-декабры № 55/ХIII-29
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражатын жылдырууга, Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги №32/VIII-29, 2025-жылдын 05-февралындагы №21/IV-29 жана 2025-жылдын 30-октябрь №54/XII-29 токтомдоруна өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 09-декабрындагы №03-13/2699 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги акча каражатын жылдырууга макулдук берүү жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтү “Аппарат” бөлүмүнүн 2211 беренесинен 40000 (кырк миң) сом , 2212 беренесинен 20000 (жыйырма миң) сом, “Клуб” бөлүмүнүн 2215 беренесинен 80000 (сексен миң) сом, ЖКХ бөлүмүнүн 2215 беренесинен 140000 (жүз кырк миң) сом, 3111 беренесинен 300000 (үч жүз миң) сом, “Билим берүү” бөлүмүнүн 2212 беренесинен 35000 (отуз беш миң) сом жалпысынан бөлүмдөр боюнча 615000 (алты жүз он беш миң) сом акча каражаттарын төмөнкү маселелерге жылдырууга макулдук берилсин:
- “Мектепке чейинки билим берүү” бөлүмүнүн 2212 беренесине интернет кызматын орнотууга 15000 (он беш миң) сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин;
- “ЖКХ” бөлүмүнүн 3111 беренесине Тогуз-Булак айылындагы ФАПынын жылытуу системасын оңдотууга жана мешин алмаштырууга 300000 (үч жүз миң) сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин;
- “Билим берүү” бөлүмүнүн 2215 беренесине 5 мектептин күбөлүк, мөөр жана профсоюздук мөөрүн алмаштырууга 50000 (элү миң) сом жана 3112 беренесине 5 мектепке генератор сатып алууга 250000 (эки жүз элү миң) сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин;
2. Жогорудагынын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага |
| Н.Ибраимов |