Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
7-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 03-июлу №7-6
Төөлөс айыл аймагындагы Төөлөс-Ноокат СПАнын менчигиндеги ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн Төөлөс айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 27,34-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Суу кодексинин” 84-беренесинин 1, 5-пунктарына ылайык, Төөлөс-Ноокат СПА мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке акысыз берүү жөнүндө чечимин угуп жана талкуулап, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Төөлөс-Ноокат» суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн ирригациялык курулмаларын жалпы бөлүгүн муниципалдык менчикке берүү жөнүндө жалпы жыйынынын протоколунун жана өтүнүч кайрылуусунун негизинде, ички ирригация курулмалары Төөлөс айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы: «Төөлөс-Ноокат» суу пайдалануучулар ассоциациясы менен биргеликте ирригациялык курулмалардын жалпы бөлүгүн кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын жана келишимин түзсүн жана ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине киргизсин.
3. Токтомдун аткарышылын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Каразаков |