Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 10-декабры № 56/ХIII-29
“Ысык-Ата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы жөнүндө” Кубанычбек теги Медер Анарбек уулунун баяндамасы
Күн тартибинин кийинки маселеси боюнча Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек теги Медер Анарбек уулунун отчетун Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы жөнүндө Кубанычбек теги Медер Анарбек уулунун отчетуна “канааттандырарлык” баа берилсин.
2. 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен 2025-жылдын жылдык жыйынтыгы , Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн 100% так, сапаттуу, мыйзам чегинде аткаруу Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек теги Медер Анарбек уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом сегиз добуш менен кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |