Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
/VIII чакырылышынын/ I сессиясынын
ТОКТОМУ
13-февраль, 2026-жыл
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүн жана 2027-2028-жылдарга карата киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
_______________________________________________
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүн жана 2027-2028-жылдарга карата киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү боюнча Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Борбодоевдин, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Шаршеновдун маалыматын угуп жана талкуулап Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин негизинде Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин көлөмү 96 988,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. Киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көлөмү 88 788,0 миң сом өлчөмүндө, атайын төлөм каражаттары 8 200,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (№1, №2, №3 тиркеме тиркелет)
2.Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин негизинде Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору 2027-жылга 104 891, 0 миң сом, 2028-жылга 117 107,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Жергиликтүү бюджетинин накталай жүгүртүү көлөмү 2026-жылга карата 1000,0 мин сом болуп бекитилсин.
4.Бюджеттин так жана туура аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер С.Борбодоевге милдеттендирилсин. . 5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Э.Кыдыев