Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 10-декабры № 57/ХIII-29
Ысык-Ата айыл аймагына караштуу, Кыргыз почтасынын башчысы Чолпонбаева Рита Орунбековнанын 2025-жылдын 24-ноябрындагы №Ч-245 кайрылуусун кароо жөнүндө
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары Ысык-Ата айыл аймагына караштуу, Кыргыз почтасынын башчысы Чолпонбаева Рита Орунбековнанын 2025-жылдын 24-ноябрындагы №Ч-245 кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагына караштуу Алмалуу айылы, Тайгашкаев көчөсү №5 дарегинде жайгашкан Кыргыз почтасынын имаратына кыш мезгилине карата Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн карамагындагы таш-көмүрдөн, 3 (үч) тонна таш-көмүрүн өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн карамагынан өткөрүлүп берилген таш-көмүрдү сарптоо жана отчетун берүү Ысык-Ата айыл аймагына караштуу,Кыргыз почтасынын башчысы Чолпонбаева Рита Орунбековнага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек теги Медер Анарбек уулу көзөмөлгө алсын.
Төрага |
| Н.Ибраимов |