Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
7-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 03-июлу №7-7
“Саиданур” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун каты тууралуу
“Саиданур” ЖЧКсынын 01.07.2025. Чыг №15 сандуу Төөлөс айыл аймагынын жайыт жерине тиешелүү Абшыр руднигинин Капчыгай кенинин Түштүк бөлүмүндөгү жер аянтынан 209,5 га жер аянтына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү каты тууралуу айыл өкмөт башчысынын орун басар-жооптуу катчысы М. Тиленовдун маалыматы менен таанышып жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Саиданур” ЖЧКсынын 01.07.2025.чыг №15 сандуу “Төөлөс айыл аймагынын жайыт жерине тиешелүү Абшыр руднигинин Капчыгай кенинин Түштүк бөлүмүндөгү 209,5 га жер аянтынан “Сурьма” кенин изилдөө үчүн геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү катына макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш чараларын алып баруу жана токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл, суу чарба жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Каразаков |