Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
/VIII чакырылышынын / I сессиясынын
ТОКТОМУ
13-февраль, 2026-жыл,
Күн-Чыгыш айыл аймагынын элинин жайыт пайдалануу боюнча ички тартиптерин, эрежелерин жана кызмат көрсөтүү акыларынын тартифтерин бекитүү жөнүндө
____________________________________________________
“Күн-Чыгыш Айыл чарба” муниципалдык ишканасынын башчысы С.Көкшүмбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.2026-жылга карата бекитилген жайыт башкаруу планына ылайык, төмөндөгүлөр бекитилсин.
-жайыт сезону 1-апрелден башталсын;
-жайыт сезону 30-октябрда аяктасын;
-жаздоого көчүп чыгуу 10-апрелден башталып, 10-майда аяктасын;
-жайлоого көчүп чыгуу 10-майдан башталып, 10-июнда аяктасын;
-жайлоодон көчүп келүү 1-октябрдан башталсын.
2. Сырт өрөөнүнө көчпөгөн жана көрсөтүлгөн орундарга барбаган чабандарга жана жайлоодон эрте көчүп келген малчыларга бодо мал үчүн ар бир баш малга күнүнө 1000 сомдон, майда мал үчүн ар бир баш малга 100 сомдон айып пул салынып, кайра көчүп кетүү жөнүндө кат жүзүндө билдирүү берилсин.
3.Бөкөнбаев, Тон айылдарындагы айдоо аянттарына 5-апрелден тартып мал чыгарууга тыюу салынсын. “Корумду” өрөөнүндөгү айдоо аянттарына 1-майдан тартып мал чыгарылбасын. Жеке менчик дыйкандардын үлүш жерлерине (айдоо аянттарына) мал кирип кетсе чара көрүү жагын ички иштер органдарына кайрылсын. Жогоруда көрсөтүлгөн айдоо аянттарына мал чыгарылган учурда, мал ээсине Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө кодексинин” 238-беренесинин негизинде айып пул салынсын. Салынган айып пулдун 70 пайызы жер ээсине, 30 пайызы “Күн-Чыгыш” муниципалдык ишканасынын жайыт бөлүмүнүн эсебине которулсун.
4. Айылдарда 1 баш ат, 2 баш саан уй, 5 баш койдон ашык мал калтырууга жол берилбесин. Көрсөтүлгөн сандан ашык мал калтырылган учурда, мал ээсине Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө кодексинин” 124-беренесинин негизинде айып пул салынсын.
5. Дыйкандардын айдоо аянттарына жана жайыт бөлүмү тарабынан чектеп берилген жерлерге кирип кеткен мал үчүн төмөнкүдөй айып пул белгиленсин:
- айдоо аянттарына же үлүш жерлерге мал кирип кеткен учурда, келтирилген зыян үчүн кой башына, башкача айтканда, майда малга 200 сомдон, бодо малга 1000 сомдон айып пул салынсын.
6. Жалпы элдик жыйындагы сунуштардын негизинде мал багуу акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-жылкы башына – 450 сом;
-уй, торпок башына – 450 сом;
-тай башына – 600 сом;
-кой, эчки башына – 80 сом;
-туз (бир жолу) – 15 сом;
-купка (бир жолу) – 20 сом.
7. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-июнундагы №386 “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жыйынынын чечиминин негизинде жайыт акысынын өлчөмү төмөндөгүдөй бекитилсин:
-уйга 70 сом, жылкы мал башына 150 сом,
- жакынкы жайыт эки эсе акы уйга-140 сом, жылкыга 300сом;
-кой, эчкиге – 20 сом, жакынкы жайыт акысы – 40 сом;
-топозго (Көл өрөөнүнөн барып келген) – 350 сом;
-Көл өрөөнүндө калган топоздор үчүн – 700 сом;
-Сырт өрөөнүндө кыштаган топоз үчүн – 250 сом;
-мамалакка – 100 сом;
-кулун, музоо үчүн – 35 сом;
-башка айыл аймактардан келген топоздор үчүн: Сырт өрөөнүнө – 500 сом, Көл өрөөнүнө – 700 сом;
-мамалактары үчүн – 200 сом.
8. Жайыт акысы чабандардын мал багуу акысынын ичинен төлөнсүн. Жайыт келишими малдын жаш төлүнө июнь айынан баштап түзүлсүн.
9. Жалпы жыйында бекитилген мал багуу акысынын өлчөмүнөн ашыкча акы алынган учур катталса, мал багуучуга (чабанга) 20 000 сом айып пул салынсын.
10. Жакынкы жайыттан көчпөгөн малчылардын ар бир баш малы санактан өткөрүлсүн жана белгиленген өлчөмдөн элден албастан, эки эсе жайыт акысы жалпы малга эсептелип бекитилсин.
11. Сырт-Арчалы жана Көл өрөөнү боюнча жайыт бөлүмү тарабынан жайыт китепчеси берилген малчылардын кыштоосуна, күздөөсүнө, жаздоосуна башка малчы малын жайган учурда, күнөөлүү тараптан күбөлөрдүн жана жайыт бөлүмүнүн катышуусунда бодо малдын ар бир башына 500 сомдон, майда малдын ар бир башына 100 сомдон айып пул салынсын.
12. Корумду өрөөнүндөгү жана Кажы-Саз айылындагы дыйкандардын жерлерине күзгү корук 15-октябрга чейин, жазгы корук 1-майдан баштап белгиленсин.
13. Бөкөнбаев айылынын «Чоң-Көндөй», «Пилораманын үстү», «Булуң», «Туура-Там», «Киров», «Таш-Дөбө», Тон айылынын «Кайнар», «Сары-Талаа» участкаларында жана Кажы-Сай айылында жазгы корук 1-апрелге чейин, күзгү корук 15-октябрга чейин белгиленсин.
14. Жайыттарды башка максаттарда пайдаланган учурда төмөнкүдөй жайыт акысы алынсын:
-дары чөп жыйноо үчүн – гектарына 500 сом;
-мөмө-жемиш жыйноо үчүн – гектарына 500 сом;
-жайыттан чөп чабуу үчүн – гектарына 1000 сом;
-жайыт жерлерин туризм багытында пайдалануу: көл жээгинде – гектарына 10 000 сом, «Карала-Арча»–«Корумду» өрөөндөрүндө – гектарына 8000 сом;
-бал чарбачылыгы үчүн – гектарына 1000 сом;
-асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин башка максатта пайдалануу үчүн – гектарына 3000 сом;
-«ОсОО Фелис» компаниясына (Мергенчилер союзу) – жылына 50 000 сом;
-«Мегаком» улуттук байланыш компаниясына телекоммуникациялык антенна орнотуу үчүн – айына 5000 сом;
-«Beeline» байланыш компаниясына телекоммуникациялык антенна орнотуу үчүн – айына 8000 сом.
15. Жайыт акысы өз убагында төлөнүүгө тийиш. Өз убагында төлөбөгөн малчыларга ар бир кечиккен күн үчүн 0,09% өлчөмүндө туум кошулсун. Жайыт акысы бир жолудан же эки бөлүп төлөнүшү мүмкүн: биринчи бөлүгү 1-июндан 15-июнга чейин, экинчи бөлүгү 1-ноябрга чейин төлөнүүгө тийиш. Милдеттенме толук же жарым-жартылай аткарылбаган учурда, административдик жаза колдонулуп, жайыт акысынын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлүп өндүрүлсүн.
16. Мал алган чабан менен мал ээси ортосунда милдеттүү түрдө келишим түзүлсүн. Келишим түзбөстөн мал алууга тыюу салынсын.
17. Жогоруда көрсөтүлгөн төлөмдөрдү жана жазаларды аткаруудан баш тарткан тараптардын иши укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык каралсын.
18. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Күн-Чыгыш Айыл чарба” муниципалдык ишканасынын башчысы С. Көкшүмбаевге, инспекторлор Н. Байзаковго, Э. Уржановго, Б. Акматовго, айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Бекказиевге, Кажы-Саз айылынын айыл башчысы Н. Жабакеевге, Тон айылынын айыл башчысы К. Молдогазиевге, Ак-Булуң айылынын айыл башчысы Ж. Керимкуловго, Сырт-Арчалы айылынын айыл башчысы Т. Байгашкаевге жүктөлсүн.
Төрага Э.Кыдыев