Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
7-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 03-июлу №7-8
Айтамга айылындагы машина трактордук паркты (МТП) айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуууга макулдук берүү жөнүндө
Айтамга айылындагы машина трактордук паркты (МТП) айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуууга макулдук берүү жөнүндөгү маалымат менен таанышып жана талкуулап, , Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айтамга айылындагы машина трактордук паркы (МТП) 2,65 га жер аянты менен айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу мыйзамдуу иш кагаздарын даярдоо жагы Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “ Айыл, суу чарба жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Каразаков |