Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
7-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 03-июлу №7-9
Төөлөс айыл аймагындагы мечиктештирилип кеткен социалдык обьектилер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер жана агрардык реформасын жүргүзүү менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү мезгилинде, “Салиева” атындагы колхоздун карамагындагы айылдарда жайгашкан (ондогон) жеке менчикке өтүп кеткен социалдык обьектилер, (мектеп, бала -бакча, ФАП ) короо сарайлар, тамеки кургатуучу сарайлар, машина трактордук парктар, кампалар жана дүкөндөрдү муниципалдык менчикке кайра алуу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 1995-жылдар аралыгында “Салиева” атындагы колхоздун карамагындагы айылдарда жайгашкан (ондогон) социалдык обьектилер, (мектеп, бала - бакча, ФАП ) короо сарайлар, тамеки кургатуучу сарайлар, машина трактордук парктар, кампалар, дүкөндөр, жана ошол обьектилерге караштуу жер аянттары менен кошо менчикке сатылып кеткендигине байланыштуу, ошол (сатылып) берилип кеткен обьектилерди жер аянттары менен кошо мыйзамдуулугун аныктоо жана мыйзамдуулугуна юридикалык баа берүү үчүн УКМКнын Ноокат райондук башкармалыгына жана Ноокат райондук прокуратурасына жеткирүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
А. Каразаков |