Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 10-декабры № 59/ХIII-29
“Ысык-Ата” муниципиалдык ишканасына эксковатор унаасын сатып алуу жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары “Ысык-Ата” муниципиалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, жайыт жолдорун калыбына келтирүү, айыл ичиндеги жол, суу жана башка коммуналдык иштерди өз убагында аткаруу максатында, “Ысык-Ата” муниципиалдык ишканасына эксковатор унаасын сатып алуу жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жөнүндө” маселесин карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнө эксковатор унаасын сатып алуу боюнча долбоор тапшырууга макулдук берилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнө эксковатор унаасын сатып алуу боюнча долбоору Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна мөөнөтүнөн кечиктирилбестен тапшырылсын жана жоопкерчилик Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн .
3. Жогорудагылардын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |