Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
7-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 03-июлу №7-11
Жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Айтамга айылынын тургуну Шамшиев Анарбайдын “Турак жай” багытындагы 0,06 га жер тилекесинин максаттуу багытын “Намазкана” багытына өзгөртүү боюнча жеке арызын канааттандыруу максатында, “Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугуна ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айтамга айылынын тургуну Шамшиев Анарбайдын “Турак жай” багытындагы 0,06 га жер тилкесинин максаттуу багытын “Намазкана” багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл, суу, жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, экология, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А. Каразаков |