Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 10-декабры № 60/ХIII-29
“Үч-Эмчек айылындагы Теңизбаев көчөсүн электр энергиясы менен камсыздоо жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары айыл тургундарын туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу, жашоо шартын жакшыртуу жана айыл инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, “Үч-Эмчек айылындагы Теңизбаев көчөсүн электр энергиясы менен камсыздоо жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө” маселесин карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагына караштуу Үч-Эмчек айылы, Теңизбаев көчөсүн электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча долбоор тапшырууга макулдук берилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 195000 (жүз токсон беш миң) сом акча каражаты өздүк салымы катары каралсын.
3. “Үч-Эмчек айылындагы Теңизбаев көчөсүн электр энергиясы менен камсыздоо жөнүндө” долбоору Ысык-Ата райондук дем берүүчү комиссиясына мөөнөтүнөн кечиктирилбестен тапшырылсын жана жоопкерчилик Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Жогорудагынын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |