Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
/VIII чакырылышынын / I сессиясынын
№ 4 ТОКТОМУ
13-февраль, 2026-жыл
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев, Тоң жана Кажы-Сай айылдарындагы үй чарбаларын борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо тармагына туташтыруу үчүн кызмат акыларын бекитүү жөнүндө
________________________________________________________
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев, Тоң жана Кажы-Сай айылдарындагы үй чарбаларын борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо тармагына туташтыруу үчүн кызмат акыларын бекитүү боюнча “Күн-Чыгыш Таза суу” муниципалдык ишканасынын башчысы Б. Шайымбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев, Тоң жана Кажы-Сай айылдарындагы үй чарбаларын борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо тармагына туташтыруу үчүн тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
-Суу түтүкчөлөрүн туташтыруу акысы (1 чекит) – 500 (беш жүз) сом;
-Экскаватор кызматы (казуу иштери) 1 метр – 200 (эки жүз) сом;
-Экскаватор кызматы (көмүү иштери) 1 метр – 100 (бир жүз) сом;
-Кудук казуу 1 метр – 1000 (бир миң) сом;
-Суу түтүгүн жаткыруу иштери 1 метр – 30 (отуз) сом;
-Абоненттик китепче, техникалык шарттар, суу туташтыруу боюнча схема – 500 (беш жүз) сом;
-“Күн-Чыгыш Таза суу” муниципалдык ишканасынан суу киргизүүгө уруксат алуу – 5000 (беш миң) сом.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Күн-Чыгыш Таза суу” муниципалдык ишканасынын башчысы Б. Шайымбековго жүктөлсүн.
Төрага Э.Кыдыев