Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
/VIII чакырылышынын/ I сессиясынын
№ 5 ТОКТОМУ
13-февраль, 2026-жыл,
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев, Тон, Кажы-Сай, Ак-Булуң, Кажы-Саз айылдарында таштандыларды ташып чыгаруу жыйымдарынын тарифин жогорулатуу жана кызмат көрсөтүү акыларынын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
____________________________________________________
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев, Тон, Кажы-Сай, Ак-Булуң, Кажы-Саз айылдарында таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдардын тарифин жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүлөр акыларынын өлчөмдөрүн бекитүү тууралуу “Күн-Чыгыш” муниципалдык ишканасынын башчысы А. Шаршенбек уулунун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев, Тон, Кажы-Сай, Ак-Булуң, Кажы-Саз айылдарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ставкасы жеке жактар үчүн ар бир түтүнгө ай сайын 120 (бир жүз жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Таштандылар төгүлүүчү жайга (полигонго) өз алдынча алып барып төгүү үчүн төмөнкү тарифтер бекитилсин:
-жеке жактарга -бир жолку каттам үчүн 500 (беш жүз) сом;
-юридикалык жактарга - бир жолку каттам үчүн 3000 (үч миң) сом.
3.Калктын социалдык жактан аярлуу катмарына таштанды чыгаруу кызматын көрсөтүүдө ар бир түтүнгө ай сайын 50 (элүү) пайыз өлчөмүндө жеңилдик берилсин жана 60 (алтымыш) сом өлчөмүндө субсидия каралсын.
4.Автобекетке кирген ар бир микроавтобус үчүн бир каттамга карата 6 (алты) пайыз өлчөмүндө жыйым белгиленсин.
5.“Күн-Чыгыш” муниципалдык ишканасынын атайын техникаларынын кызмат көрсөтүү тарифтери төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
-жүктөгүч (погрузчик) (күйүүчү майынан сырткары) -саатына 1900 (бир миң тогуз жүз) сом;
-Хово (жүк ташуучу унаа) (күйүүчү майынан сырткары) -бир жолку каттамына 2400 (эки миң төрт жүз) сом;
-грейдер (күйүүчү майынан сырткары) - саатына 2100 (эки миң бир жүз) сом;
-экскаватор -1,5 (бир жарым) метр казууга 150 (жүз элүү) сом;
-суу ташуучу унаа (кичинекей, күйүүчү майы менен) -1500 (бир миң беш жүз) сом;
-суу ташуучу унаа (чоң, күйүүчү майы менен) -4500 (төрт миң беш жүз) сом.
6. LED экран аркылуу жарнама жайгаштыруу үчүн акынын өлчөмү төмөнкүдөй бекитилсин:
-жеке ишкерлер үчүн: кичине көлөмдөгү экран -15 000 (он беш миң) сом; чоң көлөмдөгү экран -25 000 (жыйырма беш миң) сом;
-жеке жактар үчүн: кичине көлөмдөгү экран -10 000 (он миң) сом; чоң көлөмдөгү экран -15 000 (он беш миң) сом.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Күн-Чыгыш” муниципалдык ишканасынын башчысы А. Шаршенбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага Э.Кыдыев