Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
/VIII чакырылышынын/ I сессиясынын
№ 6 ТОКТОМУ
13-февраль, 2026-жыл
Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01. 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
_______________________________________________
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн 01.01. 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин калган акча каражатын бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы С. Борбодоевдун маалыматын угуп жана талкуулап Күн-Чыгыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин негизинде Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 01.01.2026-жылга калган акча каражаты бардыгы болуп 9 581 400 мин сом анын ичинен 8 354 200 мин сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен, ал эми 1 227 200 мин сом атайын эсептеги каражаттардын негизинде бекитилсин. (1,2 тиркеме тиркелет)
2.Бюджеттин так жана туура аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровко жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер С.Борбодоевко милдеттендирилсин. . 3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага Э.Кыдыев