Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
/VIII чакырылышынын / I сессиясынын
№ 7 ТОКТОМУ
13-февраль, 2026-жыл
Күн-Чыгыш айыл аймагынын ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларынын айыл өкмөттүн муниципалдык менчигинен Тон райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 50-беренесинин 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 24-беренесинин негизинде Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күн-Чыгыш айыл аймагынын ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларынын айыл өкмөттүн муниципалдык менчигинин Бөкөнбаев айылынан 41,93 км, Тоң айылынан 28,736км, Ак-Булун 9,757км, Кажы-Саз 12,555 км жалпы 92,978 км ички чарбачылык каналдарын Тоң райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Жер пайдаланууга укук берүүчү юридикалык документтерин даярдоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Тон филиалынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кадыровко жүктөлсүн.
Төрага Э.Кыдыев