Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 10-декабры № 61/ХIII-29
“Норус айылындагы Ш.Рахманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин чатырын оңдоого долбоор тапшыруу жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары Норус айылындагы Ш.Рахманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү шарттарын түзүү максатында, “Норус айылындагы Ш.Рахманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин чатырын оңдоого долбоор тапшыруу жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө” маселесин карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагына караштуу Норус айылындагы Ш.Рахманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин чатырын оңдоо боюнча долбоор тапшырууга макулдук берилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 615800 (алты жүз он беш миң сегиз жүз) сом акча каражаты өздүк салымы катары каралсын.
3. “Норус айылындагы Ш.Рахманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин чатырын оңдоого долбоор тапшыруу жөнүндө”долбоору Ысык-Ата райондук дем берүүчү комиссиясына мөөнөтүнөн кечиктирилбестен тапшырылсын жана жоопкерчилик Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Жогорудагынын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага |
| Н.Ибраимов |