Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 10-декабры № 66/ХIII-29
“Алмалуу айылындагы “Маданият үйүн” оңдоо жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары айыл тургундарынын маданий муктаждыктарын камсыз кылуу, коомдук иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүү жана маданий мекеменин абалын жакшыртуу максатында, “Алмалуу айылындагы “Маданият үйүн” оңдоо жөнүндө” долбооруна макулдук берүү жана өздүк салымын кароо жөнүндө” маселесин карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагына караштуу “Алмалуу айылындагы “Маданият үйүн” оңдоо жөнүндө” долбоорун тапшырууга макулдук берилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 800000 (сегиз жүз миң) сом акча каражаты өздүк салымы катары каралсын.
3. “Алмалуу айылындагы “Маданият үйүн” оңдоо жөнүндө” долбоору Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна мөөнөтүнөн кечиктирилбестен тапшырылсын жана жоопкерчилик Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Жогорудагынын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага |
| Н.Ибраимов |