Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз

XXIX сессиясы

 

  2024-жылдын  05-сентябрындагы №3

 

Сайдыкум айыл аймагында 2025-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын колдонууга киргизүү жана мүлк салыгынын, айыл чарба багытындагы эмес

жер салыгынын Кз зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө

     

Кыргыз Республикасынын 18.01.2022-жылдагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна жана 22.12.2021-жылдагы Салык Кодексинин жаңы редакциясынын 388, 404 беренесине ылайык,

    ТОКТОМ  КЫЛАТ:   

 

 

1.  Сайдыкум айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап, Кыргыз Республикасынын 18.01.2022-жылдагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренсинин 2- пунктуна негиз, Салык Кодексинин 372-412-беренелеринин жоболоруна ылайык, мүлк салыгы  колдонууга киргизилсин.

2.  Сайдыкум айыл аймагы боюнча бардык аймагында Салык Кодексинин 388-беренсинин 1-пунктуна негиз, имараттар, курулмалар жана жайларга мүлк салыгын эсептөө үчүн Кз зоналдык коэффициенттин салыктык наркы -1,0 барабар бекитилсин.

3.  Сайдыкум айыл аймагы боюнча бардык аймагында Салык Кодексинин 404-беренсинин 4,5-пунктуна негиз, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө үчүн Кз зоналдык коэффициенттин салыктык наркы -1,2 барабар бекитилсин.

4.  Токтомду аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

    Төрага

 

        Э.И.Досов