Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 22-декабры № 68/ХIIV-29
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жана бюджетинин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 16-декабрындагы №03-13/2751 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жана бюджетинин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүгө макулдук берүү” жөнундөгү катын карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №1087-т тескемесиинин негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн транспорт салыгы боюнча планын 1430000 (бир миллион төрт жүз отуз миң) сомго жана айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча планын 420500 (төрт жүз жыйырма миң беш жүз) сомго жалпысынан бюджеттин киреше бөлүгүн 1850500 (бир миллион сегиз жүз элү миң беш жүз) сомго көбөйтүүгө макулдук берилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 1850500 (бир миллион сегиз жүз элү миң беш жүз) сом акча каражаты төмөндөгү маселелелерге көбөйтүүгө макулдук берилсин:
- “ЖКХ” бөлүмүнүн 3111 беренесинде 120000 (жүз жыйырма миң) сом акча каражаты Алмалуу айылына көчө жарыктандыруу орнотууга;
- “ЖКХ” бөлүмүнүн 3112 беренесинде 1712100 (бир миллион жети жүз он эки миң бир жүз) сом акча каражаты Ысык-Ата өнүктүрүү фонду менен биргеликте аткарылуучу “Таштанды ташуучу унаа сатып алуу” долбоору боюнча өздүк салым катары;
-“Клуб” бөлүмүнүн 2222 беренесинде 18400 (он сегиз миң төрт жүз) сом акча каражаты Алмалуу айылында жайгашкан маданият үйүндөгү бир бөлмөсүнүн электр чубалгыларын алмаштыруу үчүн электр чубалгыларын сатып алууга.
3. Жогорудагылардын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага |
| Н.Ибраимов |