Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 22-декабры № 69/ХIIV-29
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражатын жылдырууга, Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги №32/VIII-29, 2025-жылдын 05-февралындагы №21/IV-29 жана 2025-жылдын 30-октябрь №54/XII-29 токтомдоруна өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 16-декабрындагы №03-13/2751 жана 2025-жылдын 10-декабрындагы №03-13/2711 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги акча каражатын жылдырууга макулдук берүү жөнүндө” каттарын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтү “Аппарат” бөлүмүнүн 2212 беренесинен 20000 (жыйырма миң) сом, 2215 беренесинен 63600 (алтымыш үч миң алты жүз) сом, 3112 беренесинен 10000 (он миң) сом, “ЖКХ” бөлүмүнүн 2215 беренесинен 135000 (жүз отуз беш миң) сом, 2222 беренесинен 100000 (жуз миң) сом, 3111 беренесинен 35000 (отуз беш миң) сом жалпысанан бөлүмдөр боюнча 363600 (үч жүз алтымыш үч миң алты жүз) сом акча каражаттарын төмөнкү маселелерге жылдырууга макулдук берилсин:
- “Билим берүү” бөлүмүнүн 3111 беренесине Норус айылында жайгашкан Ш.Рахманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин жылытуу системасын оңдотууга жана жаңы меш орнотууга 300000 (үч жүз миң) сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин;
- “Аппарат” бөлүмүнүн 2111 беренесине 54200 (элү төрт миң эки жүз) сом жана 2121 беренесине 9400 (тогуз миң төрт жүз) сом акча каражаттары мал санак жана калк санакты жүргүзүү үчүн төлөм катары жылдырууга макулдук берилсин;
2. Жогорудагынын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин бюджет жана каржы маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага |
| Н.Ибраимов |