Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
/VIII чакырылышынын / I сессиясынын
№ 8 ТОКТОМУ
13-февраль, 2026-жыл,
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев айылынын түндүк батыш тарабындагы №364 контурунда жайгашкан участкасынан көрүстөндү кеңейтүүгө
жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
_____________________________________________________
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев айылынын тургуну М.Токталиевдин Бөкөнбаев айылындагы түндүк батыш тарабындагы №364 контурунда жайгашкан жерди көрүстөндү кенейтүүгө кошумча 1,30 гектар жер тилкесин сурап жазган 14.04.2025-жылдагы кайрылуусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32 беренесинин 4 пунктуна ылайык, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев айылынын түндүк батыш тарабындагы №364 контурунда жайгашкан жерди көрүстөндү кенейтүүгө кошумча 1,30 гектар жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровко, көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Э.Кыдыев