Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 22-декабры № 71/ХIV-29
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципиалдык менч ик жөнүндө” мыйзамына ылайык, муниципиалдык мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына ылайык, Ысык-Ата айыл аймагынын аймагында жайгашкан муниципиалдык мүлктү пайдаланууда ачык-айкындыкты, мыйзамдуулукту жана натыйжалуулукту камсыз кылуу максатында, Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 11-декабрындагы №03-13/2721 “Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, муниципиалдык мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн “Муниципиалдык менчиктеги мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосу бекитилсин.
2. Бул Жобо ижара берүү, шарттарын аныктоо, аукцион өткөрүү, келишим түзүү жана көзөмөл механизмдерин камтысын.
3. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Жобону ишке ашырууга жана аны аткарууга жооптуу болуп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин жер жана агрардык иштер боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
Төрага |
| Н.Ибраимов |