Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
/VIII чакырылышынын/ II сессиясынын
№ 10 ТОКТОМУ
11-март, 2026-жыл
Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу Бөкөнбаев айылына логистикалык борбор курууга макулдук берүү жөнүндө
_______________________________________________
Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровдун, жергиликтүү Кеңешинин талаачылык, жер, жайыт, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1.Бөкөнбаев айылынын Б.Мамбетов көчөсүнүн №100 дарегинде жайгашкан, 2-04-06-1001-4547 идентификациялык кодунда турган дан сактоочу кырмандын жер аянтынан 27243м2 жер тилкесине логистикалык борборун куруу үчүн макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровко, көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин талаачылык, жер, жайыт, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Э.Кыдыев