Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-апрели №43
Жер участогун категориялар аралык которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык,Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында жайгашкан жалпы аянты 7,80 га жер участогун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоо үчүн жана башка багыттагы жерлер» категориясына Миң-Өрүк-Самаркандек автожолун куруу иштеринде жардырылган таштарга жана башка таштандыларды таштоого Ак-Сай айыл өкмөтүнүн(мурдагы “УДП”1992 жылдын февраль айындагы №5805,№747 инвентаризациялоо материалына) суралган жалпы 7.80 га № 786 –контурундагы таштуу жайыт жер 0,06га, №801-контурундагы таштуу жайыт жер 0,17га, №802-контурундагы башка жер (камни)0,16га, №803-контурундагы 7,41га таштуу жайыт жер участокторун которууга (трансформациялоо) макулдук берүү үчүн, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын жана жер маселелери боюнча адисинин маалыматтарын угуп жана кеңештин Айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияларынынкорутундуларын талкуулап чыгып Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын алкагында, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылындагы жалпы аянты 7,80 га жер участогун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоо үчүн жана башка багыттагы жерлер» категориясына таштанды таштоочу жай (отвал) үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
№ 786,801,802,803 контурлардан — жалпы 7,80 га жер.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы С.Анаровко жүктөлсүн.
3. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык Кеңешинин Айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрайым |
Ш.Омурова |