Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
№ 12 ТОКТОМУ
17-март, 2026-жыл,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Тоң району боюнча башкармалыгына жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
______________________________________________
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Тоң району боюнча башкармалыгынын 03.03.2026-жылдагы №01-5/337 чыгыш сандуу катынын негизинде, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинин инфраструктурасын жакшыртуу максатында эс алуу жай куруу үчүн Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу Ак-Булуң айылынын №2 контурундагы айыл чарба багытындагы жайыт категориясында турган 7,0 (жети) гектар жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Тоң району боюнча башкармалыгына эс алуу жайын куруу үчүн бөлүп берүү маселесин талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесинин ылайык, Күн-Чыгыш айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Күн-Чыгыш айыл аймагына караштуу Ак-Булуң айылынын №2 контурундагы айыл чарба багытындагы жайыт категориясында турган 7,0 (жети) гектар жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Тоң району боюнча башкармалыгына эс алуу жайын куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровко, көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин жер, мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага Э.Кыдыев