Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
VIII чакырылышынын кезексиз сессиясынын
№ 13 ТОКТОМУ
17-март, 2026-жыл,
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотуна кызматтык имарат курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
_____________________________________________________
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун 05.03.2026-жылдагы №575 чыгыш сандуу катынын негизинде Бөкөнбаев айылынын батыш тарабындагы Кара-Ой” жаңы конушунун Проектируемый -12 көчөсүндө жайгашкан 2250 чарчы метр жер тилкесин Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотуна имарат куруу үчүн жер бөлүп берүү маселесин талкуулап, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши токтом кылат:
1.Бөкөнбаев айылынын батыш тарабындагы “Кара-Ой” жаңы конушунун Проектируемый -12 көчөсүндө жайгашкан 2250 чарчы метр жер тилкесин Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотуна кызматтык имарат куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Тоң райондук сотунун жаңы имараты курулуп ишке берилгенден кийин, Бөкөнбаев айылынын Б.Мамбетов көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан Тоң райондук сотунун имараты Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине (балансына) өткөрүп алынсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровко, көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин жер, мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага Э.Кыдыев