Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-апрели №45
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2026 -жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү максатында, бир канча талкуулардын жана финансы,бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча комитетинин корутундусунун негизинде, Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесинен 2231 беренесине 84000(сексен төрт миң) сом кошулуп көбөйтүлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин финансы,бюджет жана экономикалык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
3. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Тѳрайым |
Ш.Омурова |