Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
№ 14 ТОКТОМУ
17-март, 2026-жыл,
“Күн-Чыгыш” айыл чарба муниципалдык ишканасына караштуу айыл чарба техникаларынын кызмат көрсөтүү акыларын бекитүү жөнүндө
_____________________________________________________
Күн-Чыгыш” айыл чарба муниципалдык ишканасынын башчысы С.Кокшумбаевдин жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө карата айыл чарба техникаларынын кызмат көрсөтүү акыларын бекитип берүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 беренесине ылайык, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кенеши токтом кылат:
1. Айыл чарба техникаларынын кызмат көрсөтүү тарифтери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Күн-Чыгыш” айыл чарба муниципалдык ишканасынын башчысы С.Кокшумбаевге, көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Э.Кыдыев