Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-апрели №46
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жайыт төлөмдөрүнүн тарифин 2026-жылга карата бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2009- жылдын 26-январындагы № 30 "Жайыттар жөнүндө" мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтомунун, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ мыйзамынын 34- беренесине ылайык,жана ошондой эле Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу боюнча адисинин жайыттарды пайдалануу жөнүндө баяндамасын уryп финансы,бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча комитетинин корутундусунун негизинде, Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл аймагынын жайыт төлөмдөрүнүн 2026-жылга карата түзүлгөн бюджети жалпы 350000 (үч жүз элүү миң) сомго бекитилсин жана жайыт төлөмдөрү төмөнкүдөй белгиленсин.
2. Жайыт акысынын бир жылдык тарифи:
Уй, жылкыга - 200 сом, Музоо -100 сом, Топозго- 250 сом,Кой, эчкиге - 50 сом.
Түтүн пулу -1000 сом
3. Башка айыл өкмөттөн келген малдарга.
Уй, жылкыга- 250 сом,Музоо-130 сом, Топозго-300 сом, Кой, эчкиге-70 сом,түтүн пулу 1200 сом.
4. Иш кагаздары боюнча иш алып баруу жагы жооптуу катчы К.Баймуратовко милдеттендирилсин
5.Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
6. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономикалык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Тѳрайым |
Ш.Омурова |