Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 26-марты №2
Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №701 токтомун жана “Тарыхый-маданий мурастарды пайдалануу жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14-беренесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Ала-Буга айыл аймагындагы республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилеринин документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү боюнча, Ала-Буга айылдык кеңеши сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2018-жыл 30-июль №15/2 токтому, Кош-Дѳбѳ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жыл 24-февраль №20/12 токтому, Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жыл 3-февраль №3/17 токтому жокко чыгарылсын.
2. Ала-Буга айыл аймагындагы республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилери болуп саналган:
Мынакелди шаар калдыгы
Шырдакбектин коргону
Чолок-Коргон чеби, мурда кабыл алынган токтомдор жокко чыгарылып айыл аймактын балансынан чыгарылсын.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн тарыхый-маданий мурас объектилери мамлекеттик менчикке өткөрүлүп, Ак-Талаа райондук маданият бөлүмүнүн эсебине берилсин.
4. Бул объектилер боюнча тиешелүү документтерди мыйзам талаптарына ылайык келтирүү иштери Ала-Буга айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |