Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
/VIII чакырылышынын/ II сессиясынын
№ 15 ТОКТОМУ
11-март, 2026-жыл
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Ой жаңы конушунун жашоочуларына соода-коммерциялык багыттагы аралаш курулуш объектилерин курууга макулдук берүү жөнүндө
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Ой жаңы конушунун тургундарынын 2025-жылдын 6-февралындагы кайрылуусунун негизинде, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин талаачылык, жер, жайыт жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Ой жаңы конушунан турак жай куруу үчүн берилген жер тилкелерине соода-коммерциялык багыттагы аралаш курулуш объектилерин курууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровко, жер адиси А.Бекказиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Э.Кыдыев