Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
№ 16 ТОКТОМУ
17-март, 2026-жыл,
Бөкөнбаев айылында жайгашкан дан сактоочу кырманга
мораторий киргизүү жөнүндө
Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин талаачылык, жер, жайыт, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27, 34-беренелерине, «Жер кодексинин» 21-беренесине ылайык, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Бөкөнбаев айылынын Б.Мамбетов көчөсүнүн №100 дарегинде жайгашкан дан сактоочу кырмандын жер тилкесине байланыштуу трансформациялоо, ижарага берүү же башка максаттарда пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алууга 3 (үч) жылдык мөөнөткө мораторий киргизилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин максатсыз пайдаланууга жол бербөө жана сакталышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровко жана жер адиси А.Бекказиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин талаачылык, жер, жайыт жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Кыдыев