Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
№ 17 ТОКТОМУ
17-март, 2026-жыл,
Бөкөнбаев айылында таза суу кудугун (скважина) куруу үчүн жер тилкелерин алмаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жоболоруна ылайык, ошондой эле Бөкөнбаев айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча социалдык маанилүү маселени чечүү максатында, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча комиссиясынын 2026-жылдын 16-мартындагы №3 протоколун жана Күн-Чыгыш айылдык Кеңешинин талаачылык, жер, жайыт жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1.Бөкөнбаев айылынын таза суу маселесин чечүү максатында, Бөкөнбаев айылынын тургуну Жумабаева Умсун Темирбековнага тиешелүү үлүш жерден таза суу кудугун (скважина) куруу үчүн бөлүнүп жаткан 0,36 га жер тилкесине Кара-Ой жаңы конушунан турак-жай куруу үчүн каралган 0,07 га жер тилкесине алмашуу жолу менен берилүүсүнө макулдук берилсин.
2. Жер тилкелерин алмаштыруу боюнча тиешелүү документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздөө, мамлекеттик каттоо кызматынан катоодон өткөрүү жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровко, А.Бекказиевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин талаачылык, жер, жайыт, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Э.Кыдыев