Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши
№ 18 ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-апрели,
Күн-Чыгыш айыл аймагынын Жергиликтүү
жамааттарынын типтүү Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 17-мартындагы №01-25/78 сандуу буйругунун негизинде жергиликтүү жамаааттарга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө максатында Күн-Чыгыш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1.Күн-Чыгыш айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү Уставы бекитилсин. Тиркеме 16 баракта
2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кадыровко тапшырылсын.
Төрага Э.Кыдыев